super.kg logo

Чүйдө уурулукка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Чүйдүн Аламүдүн районунда уурулукка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төмөнкү Ала-Арча айылындагы май алмаштыруучу жайда 31-август күнү 56 миң сом акча уурдалган. Жабырлануучунун кайрылуусунун негизинде уурулук беренеси менен тергөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында, шектүү катары Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну кармалган. Тергөө иштеринде шектүү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган.

Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: