super.kg logo

Президент: "Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү - келечек максатыбыз"

 

Бүгүн, 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм. Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз - бул мамлекеттик тилибиз. Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз бир жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.

Мамлекеттик тилибиз - өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды.

Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат.

Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү - келечек максатыбыз.

Тил саясатынын негизи мамлекеттик тилди жалпы элибиздин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары ар тараптуу колдонуу менен аныкталат.

Кадырлуу мекендештерим, дүйнөдө теӊдеши жок "Манас" эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: