super.kg logo

ИИМ Мамлекеттик тил майрамы менен кыргыз элин куттуктайт

 
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин өздүк курамы тил майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу мекендештер! Сиздерди кыргыз тилинин күнү менен, эне тил майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Биздин ата-бабалар кыргыз тилин өнүктүрүп, өстүрүп дүйнөдө теңдеши жок "Манас" эпосун жараткан деңгээлге жеткирип бизге мурас кылган. Эми биздин милдетибиз кыргыз тилин илимде, техникада, философияда, саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп, өнүктүрүп, өстүрүп келечек муунга жеткире алсак, келечек муундарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болот. Эмесе кымбаттуу кесиптештер, ардактуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен дагы бир ирет куттуктайбыз!", - деп куттуктады Ички иштер министрлигинин өздүк курамы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: