super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым". Күбөк деген эмне?

 
Бүгүн, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил майрамы. Буга байланыштуу бүгүндөн тарта SUPER.KG порталы "Эне тилге эки мүнөт" аттуу рубрикасын чыгара баштады. Мындан ары окурмандар порталдын жаңылыктар лентасынан кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган материалды да таба алат. Рубрикада кыргыз тилиндеги архаизм сөздөрдүн, фразеологизмдердин, макал-лакаптардын маани-маңызын, дегеле бай тилибиздин сандыгында катылган "байлыктарын" тилчилердин түшүндүрмөсүндө айтып беребиз.

Бул ирет бизге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев Махмуд Кашгаринин "Түркий тилдер сөз жыйнагындагы" архаизмдердин маанисин чечмелеп берди. Эске алсак, Кашкари Жусуп Баласагындын доорунда 11-кылымда жашаган.

  1. Күбөк. Мааниси - сөйкө. Мисалы Аалы Токомбаевдин "Мунарым" деген ырындагы "Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым" саптарында кездешет.
  2. Жек. Мааниси - шайтан. Мисалы "Жерден жек чыкты, эки кулагы тик чыкты" деген табышмак бар. Табышмактагы "жек" деген сөз шайтан деген маанини билгизген. Азыркы кезде бул архаизм сөз макал-лакаптарда гана колдонулуп калды. Ал эми табышмактын жообу жүгөрү экенин билебиз.
  3. Ултан. Мааниси - таман. "Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол" деген сөз бар. Бирөөнүн жеринде султан болуп жүргүчө, өз элиңдин таманында жүргөн артык деген маанини билдирет.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
23.09.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы саамалык.
24.09.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энкейсен эрке чайпалат десе,ой дароо эле чоон коломдуу жамбашка кетти...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: