super.kg logo

Чүйдө 3 айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Айгүл Жангирова изделет

 

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы Жангирова Айгүл Смагуловна изделет. Ал ушул жылдын 3-июнунда Токмок шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин ал тууралуу эч кандай маалымат жок. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Изделип жаткан Айгүл Жангированын өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, толмоч, чачтары кара, көздөрү күрөң.

Үйүнөн чыгып кеткен күнү кийип жүргөн кийимдери - сары түстөгү көйнөк, шым, жайкы бут кийим.

Милиция кызматкерлери изделип жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо Токмок РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 60-73-63 же 0(709) 07-21-56, 0(551) 10-27-53 номурларына байланышып коюуну жарандардан өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: