super.kg logo

"Менимче, 30 жаш жашоомдун жаңы баскычы". Ырчы Чолпон Талипбек туулган күнүн Түркиянын Эгей деңизинин жээгинен өткөрдү

 

"Non-stop" дуэтинин солисти, учурдагы жеке ырчы Чолпон Талипбек 30 жашка толду. Ал 1990-жылы 22-сентябрда Кант шаарында төрөлгөн.

"Туулган күнүм эң жакшы деңгээлде өттү. 30 жашка чейин кандай жетишкендиктерге жетиштим, мындан ары кандай багытта иш жасашым керек дегендин үстүндө ой жүгүрттүм. Тагыраагы, балалык кыялымды ишке ашырдым, эми менде жакындарыма көмөк көрсөтүп, алардын кыялдарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. Эң башкысы мага ырахат тартуулаган жумушум бар. Жан дүйнөмдү угуу менен өзүм жактырган жашоодо өмүр сүрүү шартым бар.
Менимче, 30 жаш жашоомдун жаңы баскычы. Мындан улам жаңы жашоону жаңы жерден, жаңы сезимдер менен баштагым келип, Эгей деңизинин жээгин тандадым", - дейт ал.
Ырчы учурда Түркиянын Бодрум шаарында эс алып жатат.

Чолпон Талипбек шаардагы №1 мектеп-гимназиясын аяктап, Бишкектеги финансылык-техникалык техникумда билимин уланткан. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство институтун Телевидение жана радио режиссёру багытында аяктаган.

Ырчы бийкеч өзүн ырчылыкта гана эмес, кино жаатында да, алып баруучулук тармагында да сынап келет. Ал "Ийгилик баяны", "Жыргал лайф" берүүлөрүн алып барган.

2017-жылы "Non-stop" дуэти тарап, Чолпон Талипбек жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып келет. Анын репертуарында "Жүрөгүм эзилет", "Таппадым сендей", "Жай", "Сени издейм", "Серенада" жана башка ырлар бар.

22-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
23.09.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцом
23.09.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Маегинде жараткан Аллахты эстебегендей, Аллахым өмүр берсе,кудайым буйруса 30 жаш жашоомдун жаңы баскычы десе болчудай, эртеңки күн эмне болот Аллахтан башка эч ким билбейт.
23.09.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begish54,+++
23.09.2020. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын. Туулган кунун кут болсун. Абдан сулуу, кереметтуу, жылдыздуу кыз да ушул. Жасаган прическалары да озуно дайыма жарашып, жылдызын ачып турат. Кыздар чачтарын жасатып, кое берип, жакшынакай жарашыктуу кийинип алса кандай сонун, тим эле карап олтуругун эле келет. Айымдар дайыма чачынарды жасатып, кое берип келбеттуу болуп журо бергиле.
narynbek2001 түзөттү 2020-09-23 13:26:31
24.09.2020. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
narynbek2001,Кыздардын чачына суктана берген адам экенсин да?))Ар бир комментарийинде айтасын ))
23.09.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Туулган кунун кут болсун. Жараткан Тенирим сага узун омур берсин. Тенирим колдоп дайыма ден соолукта бол. Ушундай эле жылдыздуу, суйкумдуу болуп журо бер. Жараткан Тенирим колдосун.
23.09.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
21-кылымдын красавицасы. Кандай болсон ошол бойдон эле журо бер. Эч озгорбо. Прическаларын озуно абдан жарашат.
23.09.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул кызды сүйөмго сүйөм, соска
23.09.2020. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шляпа кийип, колго очкини кармап, шортик кийип дениздин жегинде озунчо эле Леди Гаага болуп калган го назданып.
23.09.2020. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз 30га чыктыбы, кой эртерээк куйоого чык чычандабай, кеч боло электе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: