super.kg logo

Тогуз-Тородо мыйзамсыз курал-жарактарды мал сарайда сактап жүргөн жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мыйзамсыз курал-жарактар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБинин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан ошол эле райондун тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана пайдаланып жүрөт деген маалымат алынган.

Алынган маалыматтын негизинде топтолгон материал 22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Натыйжада шектүү катары Тогуз-Торо районунун 30 жаштагы тургуну, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген К.М. аттуу жаран ок атуучу куралдарды өзүнүн үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында сактап жаткандыгы аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча толук жана ар тараптуу текшерип, туура юридикалык баа берүү максатында аталган дарекке тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада К.М.нын мал сарайынан мыйзамсыз түрдө сакталган төрт даана ок атуучу курал, 1 сайлуу, 3 сайсыз жана беш даана калибердеги ок-дары алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: