super.kg logo

Милиция кызматкерлери адашып жүргөн кызды таап беришти

 

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кызды таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

22-сентябрь күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ак-Өргө конушунда кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда С.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызда 2000-жылы туулган Э.С. аттуу кыз ошол эле күнү саат 19:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегени жазылган. Ошондой эле ал айылдан келип, шаарды жакшы билбей адашып жүргөн болушу мүмкүн экени айтылган. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, көп узабай Гагарин жана Кырк-кыз көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн кызды таап, жакын туугандарына өткөрүп беришкен.

Адашып жүргөн кыздын жакын туугандары милициянын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: