Бишкек ШИИББи: "Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 10-15 адам уруксатсыз митинг өткөрүштү"
Бүгүн, 23-сентябрда саат 12:10дор чамасында "Ала-Тоо" аянтында болжол менен 10-15 адамдан турган топ уруксатсыз митинг өткөрүүгө аракет жасашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын милиция кызматкерлери пандемияга байланыштуу жарандардын ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон мындай иш-чараларды жасоо туура эмес экендигин айтып, чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле Бишкек шаардык милиция кызматкерлери шаардагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузбоого жана сактоого чакырды. Ошол эле учурда жарандарга пандемия учурунда митингдерди жана башка аракеттерди өткөрүүнү чектегендиги тууралуу сотко акт көрсөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.