Президентке башкы прокурор мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди



Бүгүн, 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Башкы прокурор мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу боюнча азыркы тапта жасалып жаткан иштер, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин, Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышы, анын ичинде кылмыш сот өндүрүшүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат берди.
Өткүрбек Жамшитов 17-сентябрдагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында жумушчу топтор түзүлүп, экономикалык багыттагы кылмыш иштеринен келтирилген зыяндарды кайра кайтаруу боюнча иштер жана кылмыш иштерин иликтөөнү соттордун кароосуна чейин жеткирүүгө көзөмөл дагы күчөтүлгөндүгүн билдирди.
Башкы прокурор ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл кылуу жана ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча прокуратура органдарынын иши жөнүндө айтып берди. Башкы прокуратуранын ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо жаатында буга чейин түзүлгөн атайын бөлүмүнө акыркы мезгилде 30дан ашуун арыз келип түшкөн, алар боюнча иштер жүрүп жатат.
Мындан сырткары Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзүлгөндүгүн, аны менен катар бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында ушундай эле штабдар уюштурулганын билдирди.
Азыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, интернет-ресурстарындагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатат.
Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган.
Өткүрбек Жамшитов Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруу алкагында соттук-укуктук реформанын жүрүшү жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестиринин киргизилиши жөнүндө да айтып берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы иштерди тездетип бүткөрүүгө көңүл бурду.
Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө Конституция менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын кыйшаюусуз камсыз кылуу зарылдыгына токтолду.
Президент ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердигин санариптештирүү, мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнөн коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Прокуратура органдарын коррупциялашкан жана таза эмес кызматкерлерден тазалоо процессинин маанилүүлүгүн белгилеп, ички коопсуздук бөлүмдөрүнүн ишин күчтөндүрүүгө чакырды. Мамлекет башчысы жарандардын кайрылуулары менен иштөөгө өзгөчө көңүл буруп, кайрылууларга толук кандуу жана реалдуу жоопторду берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Президент соңунда жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу көп учурда прокуратура органдарынын ишмердигинин тазалыгы менен ачык-айкындыгынан көз каранды болорун айтты.

