Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы жигердүү иштерди улантууда
Кечээ, 22-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында атайын комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелери соттолгондорго байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан 54 материал жөнөткөн. Жолугушууга №2 Степное айылы, №10 Жалал-Абад шаары, №47 Бишкек шаары, №44 Чолпон-Ата шаары, №45, Беловодское айылы, №25 Ош шаарынын мекемелери катышкан.
"Иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча 37 адам жабык мекемелерден отурукташуу колонияга которулуп, ал эми 14 адамды которуу боюнча баш тартышты. Администрациянын талаптарын бузгандыгы жана мекемелердин күнүмдүк режимин аткарбагандыгы үчүн отурукташуу колониядан үч соттолгон адам түзөтүү мекемелерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын башындагы Атайын комиссиясынын отурумдары онлайн режиминде өтүп келет.

