super.kg logo

Оштогу билим берүү уюмдары мамлекеттик тил күнүн онлайн белгилешти

 

Ош шаарындагы билим берүү уюмдары мамлекеттик тил күнүн онлайн белгилешти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы билим берүү институту тарабынан мамлекеттик тил күнүн утурлай, облустук иш-чара онлайн уюштурулуп, республикадагы жалпы билим берүү кызматкерлери катышып, интернет колдонуучуларга түз көрсөтүлүп турду.

"Кыргыз тили, биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!" аттуу иш-чаранын башында Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева облустагы билим берүү кызматкерлерин мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

"Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү жана илим министринин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гульнара Ибраимова сөз сүйлөп, өз ойлору менен бөлүштү. Муну менен катар президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ош жана Жалал-Абад аймактары боюнча жооптуу өкүлү Алмагуль Телекманова да билим берүү кызматкерлерин мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жөнүндө токтолуп өттү", - деп айтылат маалыматта.

Онлайн режиминде уюштурулган бул иш-чараны Ош облусунун бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын жана мектеп окуучуларынын бийлери, алардын айткан "Манас" эпосунан үзүндүлөр жана тил боюнча көркөм окуулары коштоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: