super.kg logo

Кадамжай районундагы "Торговый" базарына текшерүү жүргүзүлүп, 267 миң сом айып салынды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы "Торговый" базарында бүгүн милиция кызматкерлери менен биргеликте санэпид кызматкерлери жана жергиликтүү айыл башчылары санитардык эрежелердин нормаларын текшерди. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тамак-аш даярдаган жерлерде, соода-сатык түйүндөрүн жүргүзгөн сатуучуларга санитардык эрежелер сакталбагандыгы үчүн бир катар эскертүүлөр берилди. Буга чейин бир канча жолу эскертүү алып, бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган тамактануучу жайлардын ээлерине протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

"Баткен облусунун аймагы боюнча жалпысынан 89 протокол толтурулуп, 267 миң сом айып пул салынган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: