Сауд Арабия өлкөсү 1-ноябрдан тартып кичи ажылыкка уруксат берет
Сауд Араб падышачылыгынын бийлиги 4-октябрдан баштап умра жана Аль-Харам мечитине баруудагы чектөөлөрдү акырындап алып салуу иши баштала тургандыгын жарыялады. Бул туурасында "Саудия Кабар" агенттиги маалымдады.
Умра кылуу жана ыйык Аль-Харам мечитинде намаз окуу үчүн ажылык жана умра министрлиги иштеп чыккан мобилдик тиркеме аркылуу каттоодон өтүү талап кылынат. Бул тиркеменин максаты Саламаттыкты сактоо министрлиги жана тийиштүү тараптардын бекиткен санитардык эрежелеринин сакталуусун ишке ашыруу. Тиркеме умрачылардын жана зыяратчылардын профилактикалык жана санитардык талаптарды сактоосу, ошондой эле бет кап кийүүгө, аралыкты сактоого жана бири-бирине жакындабоосун көзөмөлдөө максатында даярдалган.
Каттоодон кийин ага уруксат берилгендиги жөнүндө маалымдама келет. Андан соң жаран автобекетке барып, ал жерден дене табын өлчөтүп, бардык санитардык талаптарды сактагандан кийин автобус менен Аль-Харам мечитине кире турган жерге жеткирилет.
Сауд Арабия чектөөлөрдү 4 этапта алып салууну пландаштырууда:
1. 4-октябрдан тарта Сауд Араб падышачылыгынын жашоочуларына умра кылууга уруксат берилет, бирок күнүнө 6 миң адамдан ашпоосу талап кылынат;
2. 18-октябрдан тарта 15 миңден ашпаган адамга гана умра кылууга уруксат берилет. Ошондой эле ыйык Аль-Харам мечитине күнүнө 40 миң адам намаз окууга жана Набави мечитиндеги Рауза Шарифти зыярат кылууга болот;
3. 1-ноябрдан тарта, бирок ал өлкөнүн эпидемиологиялык абалына жараша болот. Үчүнчү этапта жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларга умра кылууга уруксат берилет. Бирок күнүнө 20 миң адам умра кыла алмакчы. Ал эми 60 миң адам Аль-Харам мечитинде намаз окуй алышат. Үчүнчү этапта умра кылууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси кийинчерээк ал өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга жараша жарыяланат;
4. Пандемияны жеңгенден кийин чектөөлөр толугу менен алынат.



1 |