super.kg logo

Президент: "Бүгүнкү күндө дүйнөнү БУУсуз элестетүү мүмкүн эмес"

 

23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясындагы жалпы дебаттар алкагында видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен улуттар уюмусуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калды. БУУнун мекемелери, фонддору жана программалары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү болуп саналат.

Кыргыз элинин атынан БУУга бардык реформаларыбызды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Азыркы дебаттардын темасы дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан кырдаалды так чагылдырып турат. COVID-19 пандемиясы биздин канчалык тыгыз байланышта экендигибизди эске салды. БУУнун Баш катчысынын бүткүл дүйнө жүзүндө отту токтотуу жана пандемия менен күрөшүү үчүн эл аралык күч-аракеттерди мобилизациялоо чакырыгын толук колдоорумду билдирем.

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 43 миңден ашуун адамга илдет жукканы аныкталды, тилеккке каршы бир миң алтымыш үч жараныбызды жоготуп алдык. Ушул жылдын 30-июлунда биздин өлкөдө Аза күтүү күнү жарыяланган. Кыргыз элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Бириккен улуттар уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар биз үчүн чоң мааниге ээ.

Ошондой эле маанилүү колдоо биздин союздаштарыбыз менен стратегиялык өнөктөштөрүбүздөн келди. Биз үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар абдан зарыл. Вакцина менен камсыз болуу дагы биз үчүн абдан маанилүү.

Ушул жылдын 4-октябрында Кыргыз өлкөсүндө кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Ага эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУ, ШКУ жана КМШдан байкоочулар чакырылган. Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүүсү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз", - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: