Бишкектин Фучик көчөсүндө жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду (видео)
Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн унаа бир адамды сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 24-сентябрга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Kia Spectra үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Фучик көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып, баланын коляскасын түшүрүп жаткан кишини сүзүп алган. Натыйжада 1980-жылы туулган И.Р. аттуу жаран жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.