super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште жарым финалга чыкты

 

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркиянын Анталия шаарында 16-22-сентябрь аралыгында өтүп жаткан эл аралык мелдеште жупта ойноодо израилдик Дениз Хазанюк менен бирге жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы маалымдайт. Ушул эле мелдештин жалгыз ойноо бөлүгүндө да Ксения Палкина экинчи жеңишине жетип, чейрек финалга өттү. Жалпысынан аталган мелдештин алкагында Ксения Палкина 4-жеңишине жетти. Эске салсак, Ксения Палкина жупта ойноодо 2013-жылы Анталияда буга чейин өткөн эки мелдешти жеңип алган.

Мелдештин жалгыз ойноо бөлүгү

1/16 финал

Ксения Палкина (Кыргызстан) 6:2, 6:3 Николета-Каталина Даскалу (Румыния)

1/8 финал

Ксения Палкина (Кыргызстан) 5:7, 6:2, 6:4 Камонван Буаямга (Таиланд)

Чейрек финал

Ксения Палкина (Кыргызстан) – Каролина Пиллот (Италия)

Жупта ойноо бөлүгү

1/8 финал

Ксения Палкина (Кыргызстан), Дениз Хазанюк (Израиль) 6:0, 6:0 Мария Богданова (Орусия), Таня Нори (АКШ)

Чейрек финал

Ксения Палкина (Кыргызстан), Дениз Хазанюк (Израиль) 6:2, 6:2 Юля Люса (Украина), Настасия Рубел (Беларусь)

Жарым финал

Ксения Палкина (Кыргызстан), Дениз Хазанюк (Израиль) – Диана Боголя (Украина), Кристина Казимова (Украина)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: