super.kg logo

42 миллион 500 миң сом сарпталды. Таластагы үй-бүлөлүк ооруканада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

 

Талас облусунун Көк-Ой айылындагы үй-бүлөлүк медицина борборун реконструкциялоо иштери 2019-жылдын август айында башталган. Объекттин тендердик наркы 47 миллион 322 миң 986 сомду түзөт.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 42 миллион 500 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

"Оорукананын жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электр системдери кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү орнотулуп бүттү. Ошондой эле имараттын чатырын оңдоо жумуштары, эшик-терезелер алмаштырылды, ички тосмолор орнотулуп бүттү.

Учурда ички дубалдарды жасалгалоо жумуштары жүргүзүлүүдө, полго кафель төшөө жумуштары жасалып, фасадды сырдоо жумуштары аяктап калды. Андан тышкары желдетүү тармагын калыбына келтирүү үчүн 200 метр куб септик орнотулду", - дешти мекемеден.

Имараттын ичиндеги эски лифттин ордуна жаңысы орнотулууда жана өрттөн коргоо сигнализациясы коюлууда. Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө деп кошумчалашты маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: