Барак Обама социалдык тармактагы баракчасына телефон номерин жарыялады
АКШнын мурдагы президенти Барак Обама "Твиттердеги" баракчасына өзүнүн телефон номерин жарыялады.
Ал өзүнүн номерине текст түрүндө билдирүү калтырууну сунуштаган.
"Жаңы бир нерсе байкап көрөлү. Эгер сиз АКШда болсоңуз, 773-365-9687 номерине текст түрүндө билдирүү калтырыңыз. Мен иштериңиз кандай, оюңузда эмне бар жана бул жылы кимге добуш берүүнү пландап жатканыңызды билгим келет. Маалы менен сизге байланышып, өзүмдүн ойлорум менен бөлүшүп турам", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, быйыл, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда президенттик так үчүн 74 жаштагы Дональд Трамп жана 78 жаштагы Жозеф Байден ат салышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-1

4-жылдык