ЭЛДИК ВИДЕО: "Шайлоого өзүңөр калем ала келгиле". Социалдык тармакта баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видео тарады
Социалдык тармактарда белгисиз кишинин калем менен баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видеосу тарады. Анда ал шайлоо учурунда бюллетендеги белгилерди ушундай жол менен өчүрүүгө мүмкүн болгон калем саптар колдонуларын айткан.
"Сен экөөбүз шайлайбызбы же шайлабайбызбы баары бир өчүрүп коюшат экен", - деген видеодогу жаран.
Ал эми видеону жүктөгөн колдонуучу "шайлоого өз калем сабыңар менен келгиле" деген билдирүү калтырган.
Бул боюнча жооп алуу үчүн БШКга кайрылганыбызда, БШКнын жумушчу тобу жыйында экенин, алар түшүндүрмөнү кечирээк берерин айтышты.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.
ЭЛДИК ВИДЕО: "Шайлоого өз ручкаңар менен келгиле". Эркек кишинин баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгондогу видеосу тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:07
2021-01-18
1:41
2020-11-15
18:03
2020-10-31
9:23
2020-10-26
12:55
2020-10-23
Рейтинг:
0

Очурууго коп убакыт талап кылынбайт жана ар бир шайлоо участкаларында жуздогон адамдар бар кызматта бар экенин унутпаныз!
Чын же жалган экенин билбейм,бирок толук видеодогудай болушу мумкун.
Тезирээк жооп бергиле!