Оштун Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу заманбап бала бакча ачылды (фото)






















Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында 120 орундуу “Балажан” атындагы заманбап бала бакча пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышты.
Шаар жетекчиси жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын ар бир кичи районуна бала бакча куруларын билдирди.
“Биздин негизги максат - келечек муундарга шарт түзүп, көңүл буруу. Кечээ Амир-Темирде 100 орундуу бала бакча ачылды. Бүгүн Юго-Восток кичи районуна 120 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берип жатабыз. Бүгүнкү күндө Ак-Тилек, Южный кичи райондорунда жана Арек айылында бала бакча курулууда. Мектеп, бала бакча куруу иштери токтобойт”, - деди мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

озундой кылып жакшы иштерге тарта берсин