Үгүт ишинде чыккан мушташ. Окуяга учурда 13 адам шектелүүдө
Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыккан. Бул окуяга учурда 13 адам шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4 жарандын баш коргоо чарасы каралып, алар 2 айга камакка алынышкан.
"Дагы бир жарандын айыбы угузулган. Бирок ал ооруканада. Ошондуктан камакка алына элек. Ал жаран конвойлордун кайтаруусунда. Ал эми изделип жаткан 2 жарандын бири кечээ, 23-сентябрда кармалып, бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карайт. Калган башка шектүүлөр оооруканада. Учурда териштирүү жана күбөлөрдү суракка алуу иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.