Канадада COVID-19дун экинчи толкуну башталды
Канадада COVID-19дун экинчи толкуну башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, коронавирустун экинчи толкуну 4 чоң провинцияда болуп жатат.
"Жаз мезгилиндеги пандемияга салыштырмалуу абал начар болушу мүмкүн. Бирок бизде экинчи толкунду көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин колубуздан бул нерсе келет", - деген Жастин Трюдо.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Канадада COVID-19 илдети 149 миң 939 адамдан аныкталган. 129 миң 850 бейтап аталган илдеттен сакайып, ооруканадан чыкса, тилекке каршы, 9 миң 294 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

1.oz kolun menen maska taguu
2.jasalma dem aldiruuchu maska(oorup kalsan saga bashka biroolor maska tagip koyet)