super.kg logo

"Шайлоого өзүңөр калем ала келгиле" деген видео боюнча БШКнын жообу

 

Социалдык тармактарда белгисиз кишинин калем менен баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видеосу тараганы маалымдалган. Видеонун астына "Шайлоо күнү өз калем сабыңар менен келгиле" деген билдирүү жазылган.

Маалыматты тактоо үчүн БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаевага кайрылдык.

"Добуш бюллетендери салынуучу урналар автоматтык болгондуктан андай кылуу такыр мүмкүн эмес. Урнага салынган бюллетендер автоматтык түрдө башкы серверге келип түшөт жана ал жакта сакталат. Ошол шайлоого катышып жаткан бардык байкоочулар өздөрүнүн телефондору аркылуу ал сервердеги маалымат менен тааныша алышат. Кийин добуш берүү соңуна чыкканда урнадагы бюллетендер кол менен саналат. Ошол маалда ар бир партиянын өкүлдөрү, байкоочулар добуштардын санын ага чейин автоматтык түрдө эсептелген сайттагы маалыматтар менен салыштырса болот.

Мындан тышкары баса белгилеп кетүүчү нерсе, шайлоо мыйзамдарында шайлоочунун укугу "добуш берүүнүн сыры" деген берене менен корголгон. Жарандын добуш берген бюллетенин эч ким көрө албайт. Эгер шайлоо күнү бюллетендерди көрсөткөн фактылар же шайлоо участокторунда жарандарга акча таратып жаткандар байкалса, ошол шайлоо участкасынын натыйжасы жараксыз деп таанылып, эсептелбейт. "Добуш берүүнүн сыры" деген берене ар бир жарандын эркин добуш берүүсүнө көмөкчү болот", - дейт Журабаева.






ЭЛДИК ВИДЕО: "Шайлоого өз ручкаңар менен келгиле". Эркек кишинин баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгондогу видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
24.09.2020. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Закондогудай,китепте жазылгандай,пайгамбарыбыз айткандай жашасак сонун эле болмок.Бул жакка жазып коюп,пары жакта башка иш кылып баарын бузуп жатпайбызбы.Кыргыз компютерди да уйротуп алат.
25.09.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Китептегидей сүйлөп коё берет да булар
25.09.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калем сап жөнүндө үн катпайтко, ошондо туурабы?
Мен ручка алып барам...неси болсода
25.09.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоо жакшы өтсүн
25.09.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төө десе бээ деп жооп бериптир го.
25.09.2020. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ өл ээй, тилиңе жара чыккыр...сөгүнбөй эле сүйлөбөйсүңбү? Укпай эле ата энеме көргөзүп алыпмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: