super.kg logo

Базар-Коргон районундагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кошумча имараттары даярдалып бүттү

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кошумча имараттары даярдалып бүттү. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Аталган жайларда түзүлгөн шарттарды облус өкүлү Нурболот Мирзахмедов барып көрүп чыкты.

"Коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдык көрүү максатында, Базар-Коргон районунда эки жайга кошумча жугуштуу оорулар бөлүмдөрүн даярдоо иштери соңуна чыкты. Мында аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 130 орун кошулду. Аны даярдоого жергиликтүү айыл өкмөттөр жана демөөрчүлөр тарабынан 2 миллион 700 миң сомго жакын акча каражаты сарпталды. Өкүл мындагы калктын ден соолугуна кам көрүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн аракетин белгиледи. Аны менен бирге жаралчу жагдайларга жетиштүү даярдык көрүү зарылдыгын эскертти", - деп билдирди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: