super.kg logo

Эми СберБанк Онлайн аркылуу дүйнөнүн каалаган жеринен О! номеринин балансын толуктаса болот

 

Бүгүнкү күндөн тартып СберБанк Онлайн тиркемесинин колдонуучулары дүйнөнүн каалаган жеринен О! түйүнүнүн номеринин, ошондой эле Кыргызстандагы жакындары менен туугандарынын балансын дароо толуктай алышат.

Бул дүйнөнүн каалаган жеринен О! түйүнүнүн мобилдик номеринин эсебин толуктоонун тез жана жөнөкөй ыкмаларынын бири.

СберБанк Онлайн тиркемесинен О! номеринин балансын кантип толуктаса болот:

  • СберБанк Онлайн тиркемесине кирүү;
  • «Төлөмдөр» вкладкасын басуу;
  • «Мобилдик байланыш» бөлүмүн тандоо;
  • Тизмеден О! Мобилдик операторун табуу – номерди киргизүү – төлөмдүн суммасын киргизүү – төлөө.

О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко:

«Россиянын алдыңкы банкы менен болгон кызматташуу биздин мекендештерге, ошондой эле алардын чет өлкөлөрдө иштеген жакындарына жана туугандарына ыңгайлуулук жаратат. Эми аларга О! түйүнүнүн номеринин балансын толуктоонун эң тез ыкмасы жеткиликтүү, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат».

СберБанктын «Төлөмдөр жана которуулар» дивизионунун директору Кирилл Дмитриев:

«Биз КМШ өлкөлөрүндө мобилдик байланышты төлөө тармагында СберБанк Онлайн тиркемесинин функционалдуулугун ар дайым өркүндөтүп келебиз – катарыбызга жаңы операторлорду кошуудабыз жана эң ыкчам чечимдерди ишке киргизүүдөбүз: азыр процедура болгону бир нече секунданы гана алат. О! Мобилдик операторунун кызматтарын аралыктан төлөө кызматы жарандардын кеңири чөйрөсүндө керектелет: Россияга иш сапары жана акча табуу үчүн келген Кыргызстандын жарандары үчүн дагы, ошондой эле Кыргызстанда жашаган жакындары менен туугандарынын мобилдик эсептерин толуктай ала турган биздин мекендештерибиз үчүн дагы».

О! Мобилдик оператору өз кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн эл аралык өнөктөштөрүнүн тизмесин кеңейтүүнү улантууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: