Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат




Пандемиянын экинчи толкунун эске алуу менен эл арасында сасык тумоонун алдын-алуу максатында өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле Баткен облусунда да сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
"Эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда", - деп жазылган билдирүүдө.
Облуста жалпы 9 миң адам эмдөөдөн өтүүдө. Адистер алдыда дагы этап-этабы менен эмдөө жүргүзүлөрүн айтышты.
Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө күз-кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да ал жеңил өтөрүн белгилешет.

