super.kg logo

Жеке клиникалардан сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүнүн баасы канча сом экени белгилүү болду

 

Адамдар бир эле убакта сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы менен ооруп калышы жана илдеттин өтүшү оор болуу коркунучу бар. Ошондуктан COVID-19дун курчушуна жол бербеш үчүн курч респиратордук вирустук жугуштуу илдеттерге каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген тизмеге жана тобокел топко киргендердин (аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндөгү тарбиялануучулар, кары-картаңдар жана медицина кызматкерлери) 45 пайызы эмдөөдөн акысыз өткөрүлдү.

"Өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүүнү каалагандар үчүн 25 жеке клиника акы төлөнүүчү негизде вакцинациялоо иштерин уюштурат. Анын наркы 450-750 сом болууда. Учурда 13 жеке менчик медициналык борбор бул багыттагы жумуштарын жүргүзүп жатат. Калган клиникаларды санитардык кызматтар талаптардын аткарылышын текшерүүдө".

"Биз бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынан толук арыла элекпиз. Илдетти жугузуп алган учурлар айрым аймактарда көбүрөөк каттала баштады. Муну менен катар сасык тумоо оорусу менен ооруй турган учур да жакындап калды. Ошондуктан эмдөө иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш", - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Жыйындын жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абалы талкууланды. COVID-19 илдетине кабылгандар көп катталып жаткан региондорго Бишкек шаарынан дарыгерлерди жөнөтүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Казакстан тарап менен Орусиядан автобус менен келе жаткан кыргызстандыктарды чек арадан өткөрүү боюнча сүйлөшүү аяктаганы маалымдалды. Сүйлөшүүнүн негизинде мекендештер бул жолу Казакстандын аймагынан күндүз өтүп кетүүгө тийиш.

Жыйындын соңунда чет мамлекеттерден келип жаткандарды текшерүү алгоритмин сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.09.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koreayda dele~2turu bar
Kimbatiraagi kuchtuurogu,arzaniraagi jonokoi turu~
24.09.2020. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kimbatiraagina koburook koshulmalar~vitaminder kiret,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: