super.kg logo
  Саясат  

БШКда Аравандагы мушташ боюнча маселе каралып жатат

 

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Аравандагы мушташ боюнча маселе каралып жатат.

Анда Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурдин Эшимкан уулу маалымат берүүдө.

"Араван айылында мушташ болгону боюнча маалымат түшүп, кылмыш иши козголгон. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт ишинде элдин арасында келишпестик жаралып уруш чыккан. Иш боюнча 50дөй адам суралды. 5 машина талкаланган. Бир канча адам жаракат алды. Экспертиза даяр болгондо юридикалык баа берилет", - деди ал.

Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: