Орусиянын президенти Владимир Путин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү
Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу орусиялык жазуучу Сергей Комковго таянып, аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, журналисттердин "Кремль Путиндин бул сыйлыкка көрсөтүлүшүнө кандай көз карашта?" деген суроосуна: "Эгерде сыйлык берүү чечими кабыл алынса жакшы. Кабыл алынбай калса да эч нерсе эмес", - деп жооп берген президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков.
Белгилей кетсек, буга чейин 17-сентябрда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный дагы "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлгөнү маалым болгон.
Маалымат үчүн айта кетсек, ушул убакка чейин Орусиянын жарандары "Нобель" сыйлыгын ала элек. СССР учурунда Андрей Сахаров (1975-жылы) жана Михаил Горбачёв (1990-жылы) аталган сыйлык менен сыйланышкан.
кошулду


1 |