super.kg logo

Баткен ОИИБинин бир катар кызматкерлери сыйланды

 

Баткен ОИИБинин кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Кечээ, 24-сентябрда Баткен шаарында облус аймагындагы жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге ИИМдин медалдары жана кезектеги наамдары тапшырылды. Бул иш-чарага Баткен ОИИБинин өздүк курамы жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, ошондой эле облус аймагындагы район шаардык ички иштер бөлүмүнүн сыйлана турган кызматкерлери катышты.

Баткен ОИИБинин жетекчиси Акылбек Мамасейитов алгачкы 9 наам жана кезектеги 15 наам алган кызматкерлерге наамдарын, ал эми ички иштер органдарында көп жылдан бери үзүрлүү жана кынтыксыз, ошондой эле ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн 50 кызматкерге ИИМ тарабынан “Азамат”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдарын салтанаттуу тапшырды. “Ар бир татыктуу иштеген кызматкерлерге сыйлыктар өз учурунда тапшырылат. Ал эми биздин милдет – жарандардын коопсуздугун сактоо” деп кызматкерлерди алган сыйлыктары менен куттуктап кетти. Ошондой эле Баткен ОИИБинин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын бөлүмчө командири Өмүр Дыйканбаев премьер-министр Кубатбек Бороновдун алкыш баракчасы менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: