super.kg logo

ТИМ: "Француз компаниясы "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоого даяр"

 

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякталышы тууралуу видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар акыркы жылдардагы Кыргыз-Француз кызматташуусунун өнүгүшүнүн оң жактарына токтолушту.

"Aеroports de Paris" жана "TAV Airports" Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. "GE Hydro France" компаниясы буга чейин эле Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. "Flowbird" компаниясы паркинг системдерди эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда, "EGIS" компаниясы Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолдорун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды, бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ушул жылы Бишкек шаарында "Novotel" франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында маданий-гуманитардык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти", - деп жазылат маалыматта.

Министр Чыңгыз Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Микаэль Руга ыраазычылык билдирди жана дипломатиялык ишине жаңы ийгиликтерди каалап, Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.09.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Франсуздар менен иштешип Моторлорду чыгаратурган завот курдуруу керек Евро стандарт жакшы элге керектуу суу маторлорун жана бытовой моторлорун чыгарса жакшы болот эле!!!
25.09.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Француздарда хыйтырлык алдамчылык жок туп туз иштешет бирок айлык акыныда жакшы алат оздоруно ток эл бизге окшоп апсык эмес бекер болсо ломду оозуна тыккыдай!!
25.09.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай,орустарга караганда европалыктар менен мамиле кылуу пайдалуураак себеби орус,кытай менен эч бир мамлекет өнүккөн эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: