super.kg logo

Өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду алуучулардын саны сентябрга карата 22 миң 300 адамды түздү

 

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 1-сентябрга карата 24 миң 100 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду алуучулардын саны - 22 миң 300 адам болсо, расымдык жөлөк пул алуучулардын саны - 1 миң 800 адамды түзөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 10 миң 273 сомду түзгөн. Расымдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 3 миң 423 сом. Каржыланган жөлөк пулдардын жалпы суммасы - 235 миллион 800 сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга - 229 миллион 600 сом жана расымдык жөлөк пулга - 6 миллион 200 сом сарпталган.

Расымдык жөлөк пул - сөөк коюуга берилүүчү жөлөк пул. Ал төмөнкү категориядагы каза болгон жарандарга дайындалат:
  • иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • дыйкан чарбанын мүчөсүнө же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • расмий жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • социалдык жөлөк пул алуучунун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;
  • жумушсуз (иштебеген) адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: