Токмокто ашканадан өрт чыгып, 25-30 жаштардагы эркек киши түтүнгө ууланып ооруканага түштү
Токмок шаарында жайгашкан “Ак-Тилек” кафесинин ашкана бөлмөсүндө өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда ашкананын 75 чарчы метр аянты жана ашкана эмеректери күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 25-30 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматынын жардамында ооруканага жеткирилген. Учурда жабырлануучунун аты-жөнү такталууда.
Ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















