Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата экинчи жолу веложүрүш өтөт
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата экинчи жолу веложүрүш өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлашты.
Марафон 27-сентябрь күнү саат 09:00гө белгиленгени маалымдалат.

"Биринчи жолу веложүрүш сыяктуу эле бул марафон дагы "Адинай" жаңы сейил багынын түндүк тарабынан башталат. Андан ары Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен жогору чыгып, Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин барат. Веложүрүш менен Токомбаев көчөсү менен Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, кайрадан Токтоналиев көчөсү аркылуу "Адинай" сейил багына келүү менен иш-чара жыйынтыкталат. Ошону менен айланма каттамдын узундугу 10 чакырымды түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1 жарым, 2 метрге сакталып, велосипедчендерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу шаар башкармалыгынын үч унаасы жана "Тез жардам" кызматынын бир унаасы коштоп барат.
Мэрия катышуучуларга эскертет! Велосипедчендер шлем жана башка коргонуу каражаттарын кийип келүүсү керек. Аларсыз веложүрүшкө катышууга тыюу салынат. Ошондой эле бет кап жана антисептиктерди унутпоо зарыл.
Чогула турган жер: Михаэль Гшлиессер көчөсү, "Адинай" сейил багынын түндүк тарабындагы унаа токтоочу жайы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.