super.kg logo

Ишкерди эски аэропортко алып барып, 1 күн кечке коркутушкан. Шектүү кармалды (видео)

 

Бишкекте ишкерге каракчылык менен кол салганге шектелип Талас облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 30-январь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында белгисиз эки адам Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен Д.Ш. аттуу жеке ишкерге кол салышкан. Кылмышкерлер жабырлануучуну белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, ага күч колдонуп унаага салып, эски аэропортко алып барышкан. Бир күн кечке кармап, тапанча менен коркутушуп, 500 долларын жана 12 миң сом акчасын алышкан.

Бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ушул жылдын февраль айында прокуратура мындан ары иликтөөнү ИИМдин тергөө кызматына өткөрүп берген. Аталган факты тыкыр иликтөөгө алынып, натыйжада шектүү катары Бишкек шаарынан 1995-жылы туулган Талас облусунун жашоочусу А.Д. кармалган. Ал мурда соттолгон. Криминалдык милициянын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат.

Учурда териштирүү жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
25.09.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арамкорлорду жоска кылып Арматурага отургузуш керек элге шермендесини чыгарыш керек! Грузияда ворлорду ушинтип чумосун чыгарган!! Бандиттерди олтуруп таштасанар соопко каласынар!! Байлардыда козомолго алуу керек акчасыга ишенип кооп кетти аларда!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: