super.kg logo

Москвада улгайган курактагылар үчүн карантин киргизилиши мүмкүн

 

Москвада улгайып калган адамдар үчүн карантин киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу бир нече орус басылмалары өздүк булактарына таянуу жазып чыккан.

Анда берилген маалымат боюнча, Москва бийлиги жаш курагы жогорулап калган жана өнөкөт оорулар менен жабыркаган жарандары үчүн карантиндик чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылган.

"Москва шаарында илдетти жугузуп алгандардын саны акырындап көбөйүп жатат. Мындай кырдаалда тобокел тобуна биринчилерден болуп улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандар кирет. Ошондой эле 1-октябрдан баштап Москва шаарында жашаган жашы 65 жаштан өйдө болгон жарандарга аралыктан иштөөгө жана коомдук жайларга келбөө боюнча сунуш берилет. Мындан тышкары ишкерлерге октябрь айынан тарта кол астында иштегендердин басымдуу бөлүгүн жаш курагына карабай аралыктан иштөөгө жөнөтүү тууралуу эскертүү айтылган" , - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 25-сентябрга карата Москва шаарында коронавирусту 1 миңден ашык адам жуктуруп алганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: