super.kg logo

Нарын ОИИБи: "Шайлоо күнү коомдук коопсуздук тыкыр көзөмөлгө алынат"

 

Шайлоо күнү коомдук коопсуздук тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн, 25-сентябрда Нарын шаарынын Усубалиев атындагы борбордук аянтында 4-октябрь күнү өтө турган шайлоого карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чарага облус башчысы Эмил Алымкулов, Нарын ОИИБинин жетекчиси Улан Аалиев, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курманбек Кудайбергенов катышты.

Саптык кароодо облус аймагында мыйзамдуулукту сактоо менен коомдук саясий кырдаалды күчөтүлгөн тартипте тыкыр көзөмөлгө алуу, мыйзамсыз иштерге ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле өзгөчө маанилүү объектилерде жана шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар айтылды.

Мындан тышкары, Нарын облустук жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жалпы кызматкерлери өздүк гигиенаны туура сактоо максатында жеке коргонуучу каражаттар менен, ошондой эле кызматтык автоунаалар күйүүчү майлар менен камсыз болушту.

Милиция кызматкерлерине Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү ар кандай чагымчылдыкка, мыйзамсыз аракеттерде жол бербөө, шайлоо комиссияларына жеткирилген бюллетендерди жана жабдыктарды кайтаруу керектиги дагы бир жолу эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: