super.kg logo

Шайлоо 2020: Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ичинен 85и шайлоого аттанып жатканы айтылды

 
Башкы прокуратура депутаттыкка талапкерлердин Борбордук шайлоо комиссиясына берилген тизмесин иликтеп чыкты. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, депутаттыкка мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилерден, кызматкерлерден, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн 140 адам талапкерлигин коюп жатат. Алардын бардыгы шайлоо мыйзамдарына ылайык кызматтык милдеттерин аткарууну токтотуп, ээлеген орундарынан бошогон.

Мындан тышкары 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынан 85 адам шайлоого кайрадан аттанып жатканы маалымдалат.

"Шайлоого катышып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын алкагында бир катар чектөөлөр каралган. Алсак, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары каттала албайт. Башкы прокуратура тарабынан өлкөнүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: