super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргызстан өспүрүмдөр курама командасы Түркмөнстан Президентинин Кубогунда 4-орун менен чектелди

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында футбол боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Түркмөнстан Президентинин Кубогуна болгон мелдеште Кыргызстан курама командасы 3-орун үчүн болгон беттеште Өзбекстан командасына 6:0дө ири эсепте жеңилип калды. Мелдештин финалында Түркмөнстан менен Орусия командасы кез келип, мелдештин кожоюндары жеңишке жетти. Мелдештин жыйынтыгында мыкты оюнчулар аныкталып, кыргызстандык Вадим Ни “мыкты чабуулчу”  деп аталды. Эске салсак, мелдешке Кыргызстан, Орусия, Түркмөнстан, Кувейт, Өзбекстан, Беларусь, Тажикстан жана Иран командалары катышкан.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: