Президент жумушчу сапары менен Орусияга 28-сентябрда барат



Бүгүн, 25-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр мамлекет башчысынын алдыдагы Орусияга иш сапары менен Венгрияга расмий визитине даярдыктар жөнүндө маалымат берди.
Президент иш сапары менен Орусияга дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда барат. Иш сапардын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Орусияга болгон иш сапарын жыйынтыктап, мамлекет башчысы 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат. Жооп катары расмий визит менен баруу тууралуу макулдашууга 2018-жылдын сентябрь айындагы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий визитинин жүрүшүндө жетишилген. Расмий визитинде ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин коногу болгон жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине байкоочу катары катышкан.
Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри менен жолугушат. Анда Кыргыз-Венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.
Жолугушуунун жыйынтыгында, бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.
Мындан сырткары, министр өлкөнүн чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелериндеги шайлоо участокторунда 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү жөнүндө айтып берди.
Анын маалыматы боюнча, чет мамлекеттердеги шайлоо комиссияларынын участокторунун саны быйыл 45ке жетти, 2017-жылы 37 болчу.
Мамлекет башчысы чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунда даярдыктарды күчөтүүнүн жана мекендештердин добуш берүү процессиндеги коопсуздугун максималдуу камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык санитардык шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлөр менен эл аралык авиакаттамдарды жандандыруу боюнча иштердин күчөтүлүшү зарылдыгына көңүл бурду.

