super.kg logo

Вице-премьер жеткиликтүү турак жай программасын жүзөгө ашырууга инвестиция тартуу боюнча иштерди күчөтүү керектигин айтты

 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун төрагалыгында мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча Координациялык кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында өкмөттүн турак жай программасынын жаңыланган долбоору талкууланып, берилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен жактырылды. Бул документ "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын уландысы болуп саналат. Долбоор учурдагы программаны ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан жана бир катар өзгөрүүлөр бар. Атап айтканда, каржылоонун көлөмү көбөйтүлүп, дүйнөлүк практиканы эске алуу менен турак жай менен камсыз кылуунун жаңы инструменттери каралды жана каржылоонун исламдык принциптери сыяктуу механизмдерди иштеп чыгуунун негиздери түзүлдү.

Финансылык ресурстарды тартуунун шарттарына жараша ипотекалык насыялардын мөөнөтүн узартуу, пенсиянын топтоочу бөлүгүн кредиттин алгачкы төлөмүнө колдонуу мамлекеттик турак жай программасынын жаңыланган долбоорунда каралган.

"Мамлекеттик программанын алкагында турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун инструменттери жалгыз насыялоо болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан сунушталып каралган долбоордо комплекстүү иш-чаралар каралышы зарыл", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Алмазбек Баатырбеков жеткиликтүү турак жай программасын жүзөгө ашырууга инвестиция тартуу боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: