super.kg logo

Издөөдө жүргөн 92 кылмышкер кармалды. Өлкөдө"Издөө" аталышындагы операция жүргүзүлдү

 

16-17-сентябрь күнү өлкө аймагында “Издөө” аталышындагы мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, операцияга ички иштер органдарынын 3 миңден ашык кызматкерлери тартылган. Издөө топтору тарабынан издөөгө алынган кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн жерлери текшерилип, дайынсыз жоголгондордун кайда жүргөндүгүн, аты-жөнү такталбаган жансыз денелердин ким экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

"Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн 92 адам, анын ичинен оор кылмыштар үчүн шектелгендер кармалган. Алардын ичинен ден соолукка атайылап зыян келтирүү - 7 адам, каракчылык - 3, зордуктоо - 3, тоноо - 4, башка кылмыштар үчүн - 75 адам кармалды.

Ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 62 кылмышкер кармалды. Дайынсыз жоголгон 40 адамдын кайда жүргөндүгү, белгисиз 6 өлүктүн өздүгү такталды.

Республика боюнча мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясынын натыйжасында 189 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен киши өлтүрүү - 1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү - 1, каракчылык - 1, зордуктоо - 1, тоноо - 14 жана башка кылмыштар - 171 факт аныкталды.

Андан сырткары, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган 2 факты аныкталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.09.2020. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болот экен го, мындай операцияныай сайын өткөрүү зарыл, кылымыштуулуктун башын көтөртбөй, түп тамырынан бери жок кылуу керек!
26.09.2020. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Олум жазасын киргизмейинче бул Шайтандардан кулулбайбыз! Зокурлорго олум Аллах Олтургуло деп буйрук кылган жана аларга жаназа окубагыла деп буйурган!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: