Баткен облусунда 9 миң жаран сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү





Республиканын бардык облустарында сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Баткен облусу боюнча бүгүнкү күнгө карата, 9 миң жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда.
"Облуста жалпы 9000 адам эмдөөдөн өттү. Адистер алдыда дагы этап-этабы менен эмдөө жүргүзүлөрүн айтышат. Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө күз, кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да ал жеңил өтөрүн белгилешет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.