super.kg logo

БШК Next TV каналына партиялардын дебаттарын өткөрүүгө тыюу салды. Буга телекомпаниянын жообу

 

Next TV көз карандысыз маалымат каражаты катары партияларды дебатка катышууга чакырган. Телекомпаниянын маалыматына ылайык, буга чейин эле аларга дебат уюштуруп берүү өтүнүчү менен партиялардан сунуш келип түшкөн.

Бирок БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул сунушту кабыл албай, аталган телекомпаниянын дебат өткөрүүсүнө тыюу салды.

Ал эми бул туура эмес чечим экенин Next TV телекомпаниясынын башкы редактору Кубатбек Айбашов SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, БШК бардык телеканалдарга бирдей мамиле жасабай жатат.

"Агитациялык иштер баштала электе эле партиялар бизге дебат өткөрүп берүү суранычтары менен кайрылып жатышкан. Биз сунушка макул болуп, акысыз түрдө дебаттарды өткөрсөкпү деп жатканбыз. Бул боюнча 9-сентябрда кат менен БШКга кайрылдык. Аларга бардык 16 партияга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп, акысыз түрдө талкуу уюштурсак деген негизде кат жөнөттүк. Негизи БШК шайлоого байланыштуу каттарды 3 күн ичинде карап берүүсү керек. Алар биздин катка 3 күн эмес, 13 күндө жооп берди.

Акыркы 6-7 күндө биздин кызматкерлер күн сайын барып, каттын жообун сурап жатты. Ушул айдын 20ларында Шайлдабекова өзү оозеки түрдө “сиздердин катыңыздар боюнча оң жооп беребиз, даярдана берсеңер болот” деп айткан. Мындан улам биз дебаттык студияларды кооздоп, даярдана баштадык эле. Эртеси күнү БШКга катты алып келели деп барсак, Бекматовдун колу менен бизге сунушубуздан баш тарткан катты карматышты.

Баш тартуунун себебин сурасак, алар "биз бардык 16 партиядан суроо салып сурадык, алар дебатка катышуу ниети жок экенин билдиришкенин айтты" деп жооп беришти. Маалыматты тактоо үчүн партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө суроо салдык. Алар бул маселе боюнча эми угуп жатышканын, БШК аларга кайрылбаганын айтып, жооп беришти. Демек, БШК бизге калп айткан", - деди Айбашов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: