super.kg logo

4 жыл изделген. Бишкекте таанышынын унаасын ижарага алып, андан ары из жашырган жаран кармалды

 

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши 2016-жылы 14-сентябрь күнү жасалган. Бишкек шаарынын тургуну таанышына Хонда CR-V унаасын ижарага берген. Бирок таанышы унааны сатып, качып кеткен. Аталган факты каттоого алынып, шектүүгө издөө салынган.

Жакында эле Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери 1983-жылы туулган С.Д. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалган жаран ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Милиция шектүүдөн жабыр тарткандар болсо, 0312 563 248, 0554 102 519 телефон номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.09.2020. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
С Д деп суротун бекитип койсо анан кантип таанып кайрылышат
26.09.2020. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 жылда онолуп Таксыр болуптурго отумушто чычкан богуну тазалай албатыр мындай таксырды плошотко алып чыгып чабуу керек!
26.09.2020. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Saiit,корунгон жерге кыпчылбай биринчи туура жазганды уйрончу! Плошот эмес «площадь» болот, орусча туура эмес жазсан «аянт», деп эле кой! Озун акылдуу сезип каерде болсо бут элге асылып суйлойсун, акылына береке! Ар бир жазган суйломундо он ката! «Ууру»,деген созду уруу, «хитрый», хыйтыр, «монгол», мангол деп жазасын да элге акыл уйротосун
Imon7 түзөттү 2020-09-26 13:02:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: