super.kg logo

Бишкекте санитардык нормаларды бузгандарды кабарлоо үчүн акимдин орун басарларынын номерлери жарыяланды

 

Шаар мэриясы эпидемиологиялык абал кайрадан начарлаганына байланыштуу шаар тургундарын массалык иш-чараларга барбай турууга чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, шаардыктарды мааракелерге, куран окутууга, той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарга барбай турууга чакырат. Өлкөдө, анын ичинде борбор калаада коронавирус менен ооругандар кайрадан көбөйүп жатканы эскертилди. Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормалардын бузулгандыгы тууралуу кабарлоо үчүн төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарларынын номерлерин жарыялады.

Эгер санитардык талаптар аткарылбай жаткан учурларга күбө болсоңуз тиешелүү жетекчилерге чалып арыздансаңыз болот. Аларга соода борборлорунда, гипермаркеттерде, коомдук транспортто бет кап тагынбай жүргөн сыяктуу фактылар боюнча да чалууга болот.


Акимдин биринчи орун басарларынын номерлери:

  • Сатыбек Каныбеков (Биринчи Май району) — 0772 66-53-77;
  • Садык Мырзакматов (Свердлов району) — 0551 57-18-23;
  • Кубанычбек Айтакунов (Октябрь району) — 0708 83-82-95;
  • Алтынбек Маматов (Ленин району) — 0772 15-79-76.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: