super.kg logo

«Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзөт

 

«Мекеним Кыргызстан» шайлоо алдындагы программасында өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзүү үчүн атайын пункту каралган.

Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды.

Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек.

«Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек.

Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл.

Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

– Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу;

– Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү;

– Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү;

– Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү.

Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 26-сентябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: