Өкмөт: "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын Орусиялык тарапка сатуу жөнүндө чыккан маалымат чындыкка дал келбейт"
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын Орусиялык тарапка сатуу жөнүндө чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт дагы. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу “Кыргыз Республикасында темир жол транспортун 2025-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы” иштелип чыккан, анда ички жана эл аралык жаңы темир жолдорун куруу каралган, бул өлкөбүздүн экономикалык абалына жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин берет.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдында айрым күчтөргө фейк маалыматтарды таркатуу аркылуу коомчулуктун тынчын алуу пайдалуу болууда. Акыркы мезгилде «Кыргыз темир жолу» жүз миллиондогон сомдук каражаттарды уурдоолор боюнча коррупциялык схемалар ачылып, аталган ишкананын мурдагы жетекчилери кармалган. Ишкананы сатуу тууралуу жаңылык калп жана чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматтарды таркатуу айрым саясий күчтөргө пайда алып келиши мүмкүн. «Кыргыз темир жолу» аталган маалыматка юридикалык баа берүү максатында сотко берүү үчүн документтерди даярдоодо", - деп жазылат маалыматта.




1 |