super.kg logo

Өлкө башчы Орусия өлкөсү менен мамиле эң жогорку деңгээлде экенин айтты

 

Суроо: "Кийинки жумада Орусияга да иш сапарыңыз бар экен. Бул негизги стратегиялык жана союздаш өлкө. Быйыл "эки өлкө ортосунда эриш-аркак жылы" деп жарыяланып, бирок пандемия кесепетин тийгизди. Бүгүнкү кызматташтыктын деңгээлин кандай баалайсыз. Кандай пландар бар?"

"Биз Орусия менен кызматташтыгыбызга чоң маани беребиз. Азыркы учурдагы мамилелерибиз эң жогорку деңгээлде. Эмки апта, Кудай буюрса, менин Орусия Федерациясына иш-сапарым болот. Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир катар маселелерди талкуулоо боюнча жолугушам. Быйылкы жыл биздин өлкөлөрдүн эриш-аркак жылы деп жарыяланып, ачылышы февралда Москвада болгон. Бирок пандемиядан улам көп иш-чараларды өткөрө албай калдык. Азыр эпидемиологиялык кырдаал бир аз турукташа баштаган. Учурда ушул аптада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны бизде, Бишкекте өттү. Өкмөттөр аралык комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады. Бул жыйынга катышуу үчүн келген делегациянын жетекчиси Орусиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук менен жолугуштум. Жыйынтыктап айтканда, биз стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Орусия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Сооронбай Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: